• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«5:0». Кыргызстан — Мьянма беттешинин 1-бөлүгү аяктады

10 Тогуздун айы 201921:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына беш топ киргизди. Биринчи эки голду кыргызстандык оюнчу Эдгард Бернхардт киргизсе, үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров кадады. Төртүнчү топту Гүлжигит Алыкуловго киргизсе бешинчи болуп топ киргизип 1-таймды Валерий Кичин жыйынтыкты.

10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешип жатат.

Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 20:30да башталды.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. «Ак шумкарлар» алгачкы беттешинде Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген.

Количество просмотров: 288