• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

5 адам каза болгон жол кырсыгы болгон жерден канча акча табылган?

27 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

Суусамыр өрөөнүндө 5 адамдын өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу 27-майда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

Маалымат боюнча, 26-майда болжол менен саат 07:10 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Ош унаа жолунун 172-чакырымында болгон жол кырсыгы боюнча билдирүү түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барып, «Тойота Камри» менен «МАН» унаасы катышкан жол кырсыгынын кесепетинен беш адам жаракат алып, ошол жерде көз жумганын аныкташкан.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жердин текшерүү протоколдорун жана схемаларын түзүшкөн. 1963-жылы туулган маркум З.З.нын сумкасынан 17 миң сом жана документтери табылган. Ошондой эле «Тойота Камри» унаасынын айдоочусу — 1992-жылы туулган Ж.А.нын документтери жана 13 миң 200 сому болгон.

Окуя болгон жерди андан ары текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын алдыңкы отургучунун (жүргүнчү отура турган орундук) астынан кара борсетка табылды. Ал 1963-жылы туулган маркум К.Р.га таандык болгон. Андан 594 миң сом табылган.

Сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 297-беренеси (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Чүй ОИИББдин милиция кызматкерлери 840 миң сом тапты деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Табылган акчанын жалпы суммасы 624 миң 200 сомду түздү. Ал өз кезегинде бул иштин бардык жагдайлары такталмайынча, милиция кызматкерлери тарабынан алынды. Маркумдун туугандарын суракка алуу учурунда К.Р.нын 600 миң сомго жакын акчасы бар экени аныкталды.

Количество просмотров: 9190