• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

5-апрелден тарта бир катар троллейбус каттамдарынын кыймылы өзгөртүлөт

4 Чын куран 202321:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 5-апрелден тарта бир катар троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлмөкчү.

Алсак, № 4 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт.

№7 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча каттайт.

№10 троллейбус Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты боюнча жана андан ары өзүнүн каттамы менен жүрөт.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландап алууну суранат.

Количество просмотров: 135