• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

5 балалуу Нургүл Бекиевага үй курула баштады

11 Жалган куран 201918:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.

“Супер kg” порталына Нургүл Бекиева аттуу 31 жаштагы келиндин “Таштанды терип 5 баламды багам. Күйөөм селсаяк болуп кеткен” деген видео тасмасы чыгып, блогерлер тасма менен бөлүшкөндөн кийин талкуу жараткан.

Жеке ишкер, “Алыш” белбоо күрөшүнүн вице- президенти Советбек Рустамбек уулу келиндин жашоосунан кабар алып,жардам берип, үй куруп берүүгө убада кылган.

«Говори ТВ” маалымат агенттиги 5 балалуу Нургүлдүн үйүнүн курулушунан кабар алып келген.

Маалыматка ылайык, үйдүн фундаменти салына баштады.

https://www.facebook.com/byixan/videos/1783613938451205/?epa=SEARCH_BOX

Эске салсак, “Көмөктөш бол” кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Юсуп Сапиев буга чейин убада кылгандай коомго тиешелүү Токбай айылындагы жер участогунан 5 сотых жер берип, Кызыл китеби Нургүл Бекиевага тапшырылган.

Количество просмотров: 23