5-майда Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын боло турганын кабарлады. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарындын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Батыштан жел согуп турат, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,
Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8°.
Бишкек шаарында түштөн кийин жамгыр жаайт. Түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26°.