• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

5 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген жаран эки айга камакка алынды

17 Теке 2023 9:17 Бишкек Govori.TV

Түркстан облусунун Жибек Жолу айылында беш жашар кызды өлтүрүүгө шектелген 48 жаштагы жаран айга камакка алынды.

Ага «адам өлтүрүү» жана «сексуалдык зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча айып тагылды.

Түркстан облустук сотунун басма сөз кызматы шектүү ошол күнү мас абалында болгонун билдирди. Ал көчөдө ойноп жүргөн баланы “ырдап берем” деп азгырып, үйүнүн короосуна киргизген. Кыз бычактан алган көптөгөн жаракатынан улам каза болгон.

13-июлда Казакстандын Түркстан облусундагы Жибек Жолу айылында беш жашар кыз киши колдуу болгон. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристенин денеси коңшусунун үйүнөн табылган.

Кыздын өлүмү жергиликтүү тургундардын үрөйүн учурган. Айылга полиция келип, интернет өчүрүлгөн.

14-июлда тажияга келген айылдаштар үйдү кайтарган полиция жана акимчиликтин кызматкерлеринен шектүүнү өткөрүп берүүнү суранышкан. Алар баланы издөө ишине полиция кайдыгерлик кылганын айтып, нааразы болушкан.

14-июлда Акордо «Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркстандагы Сарыагаш районунда болгон кырсыктан кабардар» деген маалымат тараткан.

«Маалыматка караганда, шектүү буга чейин адам өлтүрүүгө айыпталып, он жылга соттолгон. Быйыл атайылап бирөөнүн ден соолугуна залака келтиргени үчүн үч жылга эркинен шартуу ажыратылган. Мамлекет башчы бул жылы чыккан өкүмдүн мыйзамдуулугун карап чыгып, адамга каршы өзгөчө оор кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү маанилүү деп эсептейт», — деп билдирген Токаевдин басма сөз кызматы.

Жибек-Жолу айлында интернет 15-июлда калыбына келтирилип, полициячылар айылдан 16-июлда чыгып кетишти.

Количество просмотров: 74