• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«5 жолу операция жасалган, кайсы учурда жукканын билбейбиз». Кичинекей Арууке гепатит С оорусуна кабылды

3 Бештин айы 201913:36 Бишкек Govori.TV

Өткөн жылы үстүнө кайнак суу төгүлүп кетип, денесинин 60 пайызы күйүп калган төрт жаштагы Арууке учурда гепатит С оорусуна кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы кыздын эжеси билдиргенин жазды. Басылма кыздын азыркы абалы туууралуу билүү үчүн эжесине кайрылышкан.

Маалыматта айтылгандай кызга гепатит С илдети кайсы учурда жукканын белгисиз.

«Учурда күйгөн жерлери катып калды. Мурдагыдай оору жок, бирок териси кычышып кыйнайт. Мындан тышкары, колтугундагы тери колуна кошо бүтүп калган. Азыр колун өйдө көтөрө албайт. Бою да өспөй жатат. Буга байланыштуу колтуктан колго жабышып калган терини кесип, операция жасатуу керек эле. Бирок ал гепатит С оорусуна кабылыптыр. Буга чейин күйүккө карата 5 жолу операция жасалган. Кайсы учурда жукканын билбейбиз. Операция учурунда жуккан деп да айта албайбыз, кайра эле дарыгерлерге күнүбүз түшөт. Аларга жаман көрүнгүбүз келген жок. Кыздан гепатит С табылгандан кийин дарыгерлер операция жасоого болбойт дешти. Андыктан эми ага абдан жакшы кароо керек, кандагы гемоглобинин көтөрүү зарыл», — деген эжеси.

Ал белгилегендей, Аруукенин үй-бүлөсү учурда Жалал-Абад облусунда жашайт.

«Аруукенин ата-энеси эгиз балалуу болушкан. Үй-бүлөдө атасы эле иштейт. Аруукени оорудан арылтуу үчүн Бишкекке көчүп келсек деген тилектери бар. Себеби Бишкекте дарыгерлерге көрсөтүп, кызына жардам берүүгө көбүрөөк шарттар бар», — деди Карабаева.

Количество просмотров: 891