• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Азамат акын абактан апасына ыр жазды

27 Жалган куран 2024 15:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун кызматкери, акын Азамат Ишенбековдун камактагы мөөнөтүн узартты.

Соттун чечимине ылайык, ал 2 ай камакта болот.

Ал апасына арнап, абактан кат жазган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-январвнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 759