Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча Финполдун маалымат кызматы комментарий берип, аталган маалыматтарды четке какты.
Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган жарандык активист Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган.
«Бүгүнкү күндө Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанашы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы кошумчаланган.