• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

50 жаштагы киши коронавирусту үй-бүлөсүнө жуктуруудан чочулап, өз өмүрүнө кол салды

14 Бирдин айы 2020 14:45 Бишкек Govori.TV

Индиянын Анхра-Прадеш штатынын 50 жаштагы тургуну коронавирусту үй-бүлөсүнө жуктуруудан чочулап, өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу «Daily Mail» басылмасы жазды.

Бала Кришна (Bala Krishna) аттуу фермер телефон аркылуу коронавирус жөнүндө видеолорду көп көрүп баштаган. Бир күнү ал жөтөлүп жатканын байкайт. Бир нече күндөн кийин өзүнө вирус жуктурдум деген диагноз коюп, ооруканага кайрылган. Ал жерден вирусттук лихорадка (дене табынын көтөрүлүшү) экенин билдиришкен.

Маалыматтарга ылайык, Индияда вирус жуктурган 3 учур гана катталган. Бирок анын бири дагы Анхра-Прадеш штатында болгон эмес. Дарыгерлер ал коронавирус жуктурбаганын айтышканда ишенбей койгон.

9-февралда Кришна үй-бүлөсүнө андан алыс жүрүүнү эскерткен. Ага жакындагандарга таш ыргытып, жанына эч кимди жолоткон эмес. Ал эми 11-февралда жакындарын үйүнө камап, апасынын мүрзөсүнө барып, өз өмүрүнө кол салган.

Маркумдун уулу убагында көңүл бөлүнбөгөнү үчүн ушундай окуя болгонун билдирди.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 2545