Бир сутка ичинде 59 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
“Бишкекте коронавирустан – 17, Ош облусунда – 7, Чүй облусунда – 23, Ош шаарында — 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда — 5 киши айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 269 киши айыгып чыкса, 1 миң 467 адам каза болду.