Кечээ күнү Бишкектеги Медеров көчөсүндө авто кырсык болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
«Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу 21 жаштагы А.Н. унаасы менен Медеров көчөсү менен батыш тарапка бара жаткан. Кечки саат сегиздерден өтүп калган кезде ал Гастелло көчөсүнүн кесилишинен жөө адам өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан адамды сүзүп алган.
Алган жаракатынан улам 60 жаштагы С.С. аттуу адам ошол жерден жан берген. Айдоочунун унаасы айып токтотмого коюлуп, керектүү экспертизалар дайындалды.