3-сентябрь күнү түш ченде милицияга Кочкор районундагы Исакеев айылында адамдар мушташып жатат деген кабар түшкөн. Окуя болгон жерге Кочкор РИИБнин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барган учурда, Кочкор айылындагы Кырман кампасынын артындагы талаада жансыз дене жаткандыгы аныкталган. Сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонулгандыгы тастыкталган.
Аталган факты боюнча Кочкор РИИБи тарабынан ыкчам иликтөөдөн кийин өлгөн адам Исакеев айылынын 64 жаштагы Д.К. аттуу тургуну экени аныкталган.
Кылмышка шектүү катары 42 жаштагы М.Ч. аттуу Кочкор районунун тургуну кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү ) менен кылмыш иши козголуп камакка алынган.
Шектүүнү текшерүүгө алганда спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган. Кылмышка шектүү маркум Д.К. менен арак ичип отуруп ортодон пикир келишпестик жаралып, ур-токмокко алып жибергендиги боюнча көрсөтмө берген.
Азыркы тапта маркумдун өлүмүнүн себептери боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.