• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

66 жаштагы Путин кайрадан президент. Инаугурациядан көз ирмем. (Фоторепортаж)

7 Бугу 2018 20:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек 07.05.2018. Govori.TV.

Орусия Федерациясынын Президентинин кызматына киришип жаткан Владимир Путин ант берди. Салтанаттуу иш чара Кремлде болду.

Мамлекет башчысы иш бөлмөсүнөн чыгып, Кремлдин чоң сарайына келгени түз эфирден көргөзүлдү.  Владимир Путин биринчи жолу Орусиядан чыккан «Кортеж» лимузинине отурду.

Ант берүү аземине өкмөт мүчөлөрү, Дума менен Федерация кеңешинин депутаттары, президенттин администрациясынын жетекчилиги, Конституциялык соттун судьялары, элчилер, маданият менен спорттун өкүлдөрү катышты. Башка өлкөлөрдүн президенттери салтанатка чакырылган эмес.

 

Чоң Кремль сарайынын сахнасына бийликтин үч бутагынын башчылары, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Мамдуманын спикери Вячеслав Володин жана Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин чыгышты.

Андан соң залга мамлекеттик желекти жана президенттин штандартын алып келишти. Владимир Путин ант берип бүткөн соң, салтанатка катышкан мамлекеттик-коомдук ишмерлердин, интелегенция өкүлдөрүнүн жана дипломатиялык корпустун куттуктоолорун кабыл алды.

Владимир Путин 66 жашка чыкты.

Сүрөт kremlin.ru сайтынан алынды.

Количество просмотров: 30