Кыргызстанда 7-августка карата коронавирус дагы 681 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учур:
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча тогуз бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 1 миң 513 адам илдеттен сакайып чыккан.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 33 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 163 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 168 миң 415 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 155 миң 447 киши айыгып чыкса, 2 миң 389 адам каза болду.