• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

7 миң адам эмдөөдөн өттү

13 Үчтүн айы 2022 10:48 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада өлкөдө COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 149 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 149 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 258 жаран экинчи дозасын алды.

«Өлкө боюнча жалпы 1 млн 254 миң 653 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 46 миң 885 жаран экинчи компоненти менен эмделди»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын соңку айларынан бери дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө тарап жаткан «омикрон» штаммы 12-январда Кыргызстанда да катталды. Аны менен катар Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө.

Количество просмотров: 65