Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы 70 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу «Govori.TVга» УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы ишкерден 5 миң доллар пара талап кылган жана анын 70 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ал ишкерди «кылмыш жообуна тартам» деп коркуткан.
Белгилей кетсек, кармоо операциясы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өзүнүн Ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгы менен бирге жүргүзүлгөн.