• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкектеги Москва көчөсү ачылды

30 Баш оона 201911:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.08.2019. Govori.TV

Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен баштап Жаш гвардия бульварына чейинки тилкесиндеги оңдоо иштери бүгүн, 30-августка караган түнү толугу менен аяктады. Бул тилке аркылуу унаалар каттап баштады.

13-августта аталган тилкеде оңдоо иштери башталган болчу. Ал эми жолду оңдоп-түзөөгө каражат Кытайдан алынган гранттан бөлүндү. «China Road and Bridge Corporation» курулуш компаниясынын жумушчулары жолго эки катмар асфальт төшөдү. Жалпы 980 метр тилке оңдолуп, 25 адам жана 10 атайын техника иштеди.

Количество просмотров: 15