• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

755 адам, 59 техника тартылды. Ысык-Көлдө сел кесепетин жоюу уланууда

20 Баш оона 202410:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-августта таң эрте сел кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн жалпы 755 адам, 59 атайын техника тартылган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты .

Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) эс алуу жайлары жабыркаган.

Белгилей кетсек, 19-августта КР ӨКМдин куткаруучулары 25 турак үй, Жарандык коргонуу кызматтары 35 үй, жалпысынан 60 турак жай сел калдыктарынан толук тазаланган.

Количество просмотров: 140