Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Маалыматка ылайык, сотто шектүүлөрдүн бири Эмилбек Узакбаевдин кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен “Тез жардам” чакыртылган.
Соттук жараянга бул иш боюнча айып коюлган Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев келген.