• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БШК: Казакстандан Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугун тастыктады

10 Чын куран 2018 12:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек 10.04.18 Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экени тууралуу документтер келди. Бул тууралуу Govori.TV сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайратбек Осмоналиев билдирди.
«Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бар деген документ келди. Ушул жуманын ичинде форум өткөрүлүп депутатты мандатынан ажыратуу боюнча маселе каралат. «Кыргызстан» партиясынын тизмесине ылайык Жогорку кеңешке Асылбек Дамирбек уулунун ордуна Руслан Чойбеков келээри мүмкүн», — деди Осмоналиев.
Буга чейин 27-февралда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Казакстанга суроо-талап жөнөтүлгөнүн айткан. Эгер депутаттын кош жарандуулугу аныкталса, БШК аны мандатынан ажыратышы мүмкүн экени айтылган.
Эске сала кетсек,  19-февралда  Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 кыргыз жараны бар болгон. Алардын бири — Жогорку Кеңештеги  «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, Кыргызстанга жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Количество просмотров: 34