• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

8 айлык кызын сатууга аракет жасаган аял кармалды

18 Чын куран 2023 10:50 Бишкек Govori.TV

Фергана облусунда 8 айлык кызын 10 миң долларга сатууга аракет жасаган аял кармалды. Ал алган акчасына батир алууну пландаган.

Бул тууралуу Фергана облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер башкармалыгынын жана Өзбекстандын Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Учкуприк районунда жергиликтүү тургундан акча алып жаткан аялды кармашкан.

Аял жасаган ишине өкүнгөнүн билдирген. Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 159