• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ферганада эки балалуу аялды зордуктаган төрт киши соттолду

22 Баш оона 2023 16:26 Бишкек Govori.TV

Фергана облусунун Бешарык районунда эки балалуу аялды зордуктаган төрт эркектин бири 9 жылга, экөө 8 жылга, дагы бири 7 жылга кесилди.

Фергана облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, 17-августта сот жабык өттү. Айыпталуучулар 24 жаштан 34 жашка чейинкилер.

Сот аларды “Топ адам тарабынан жасалган зордуктоо”, “Табигый эмес формада сексуалдык муктаждыкты күч менен канааттандыруу” , “Опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Быйыл июнь айында социалдык тармактарда эки баланын энеси болгон аялды төрт адам сабап, зордуктаганы тууралуу видеокайрылуу пайда болгон. Ал эркектерге эч кандай чара көрүлбөй жатканын билдирген.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 21-март күнү төрт киши аялды Бешарык районундагы кароосуз калган сарайга күч колдонуу менен алып келип, сабап, андан соң зордукташкан.

Количество просмотров: 132