• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Фергана заводунда өзүн өрттөгөн аялдын туугандары жетекчиликти айыпташууда

8 Баш оона 2022 9:30 Бишкек Govori.TV

Фергана мунайды кайра иштетүү заводунун  47 жаштагы кызматкери Санобархон Хайдарова 2-августта денесине бензин чачып, өзүн-өзү өрттөгөнү белгилүү болду. Ал муну менен иштен бошотулушуна каршы нааразылык билдирген. Заводдун маалымат кызматы бул окуядан кийин билдирүү таратып, ал иштен алынбаганын, күбөлүксүз заводго киргизилбегенин, аялдын үйүндө көйгөйлөрү болгонун маалымдады.

Жабырлануучунун туугандарынын бири “Оздолик” радиосуна билдиргендей, Санобархон Хайдарованын денесинин 79 пайызы күйгөн.

«Анын көзү көрбөй калды, бирок акыл-эси ордунда, баарын билет. Биздин эжебиз жөн жерден өзүн-өзү өрттөй турган адам эмес. Аны ушундай абалга жеткиришти. Ал мага баарын айтып берген. Башка ишке которобуз деген убада менен арыз жаздырышкан. Ал макул болгон. Бирок эжем ишке келгенде тизмеде жок экенин айтышып, заводго киргизбей коюшкан. Жыйынтыгында ал жумушсуз калган»,-деп билдирген жакындары.

Санобархон Хайдарованын күйөөсү бир ай мурун жыгылып кетип, майып болуп калган. Фергана мунайды кайра иштетүү заводунун жумушчулары буга чейин да штаттын кыскартылышына жана айлык акынын аздыгына нааразы болуп келишкен.

Завод көп жылдар бою Өзбекстандын мурдагы президентинин үй-бүлөсүнүн көзөмөлүндө болгон.

Количество просмотров: 111