• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ферганада бандиттик топтун 22 мүчөсү кармалды

4 Бештин айы 2023 11:17 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда криминалдык абалды жөнгө салуу үчүн 40 күндүк масштабдуу ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Gazeta.uz белгилегендей, акция 31-декабрга чейин уланат.

Анын алкагында, Фергана облусунда кылмыш чөйрөсүнө тиешеси бар делген 248 адамдын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында 66 кылмыштын бетин ачууга мүмкүн болгону айтылат.

Жыйынтыгында 4,75 кг маңзат, 78 психотроптук жана күчтүү таасир берүүчү заттар, 41 курал-жарак, ок-дарылар, ошондой эле 45 компьютер, телефон жана диний адабияттар алынган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жасап, соттон жана тергөөдөн качып издөөдө жүргөн 37 адамды кармашты.

Мындан тышкары «бандиттик топтордун мүчөсү болгон жана бейбаштык кылган» 22 адам кармалды.

Маселен, 27-ноябрда эрежесиз мушташ менен машыккан Хумоюн Тухтамуродов (Инстаграмда 1,3 миллион катталуучусу бар) кармалган. Ал “бандиттик топ түзүүгө аракеттенип, ыкчам кырдаалга терс таасирин тийгизген адамдарды тегерегине чогултуп, Кокон шаарында эки адамга күч колдонуп, окуя болгон жерден качып кеткени” айтылды.

Мындан тышкары Фергана шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген А.Мамиров аттуу жаран кармалды.

Буга чейин Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы «Саидазиз медгородок» атыккан кримтөбөл Саидазиз Сайдалиевдин кармалганын расмий билдирген.

3-декабрда «Бахти Ташкентский» каймана аты менен белгилүү Бахтиер Кудратуллаев жана дагы эки адам ири өлчөмдө акча опузалоо шеги менен кармалды.

Бул арада КМШда “Салимбай” жана «Салимбай байбача» деген каймана ат менен таанымал ишкер Абдувалиевди 1-декабрда укук коргоо органдары Ташкенттеги үйүндө кармаганын “Эльтуз” өзбек сайты жазды.

Количество просмотров: 59