Бишкек. 25.09.2018. Govori.TV
Кыргызстан хоккей курама командасынын 9 жаштагы оюнчусу Нуртемир Сулаймановду Нью-Йорктун Авиатор хоккей клубуна ойноого чакырышууда. Жаш хоккейчи «Алга Бишкек» хоккей командасында 3 жаштан бери ойноп келет.
Эске салсак, 7 жашында ал Санкт-Петербургдагы СКА хоккей клубунун тандоо турунан өтүп, чабуул жасоо боюнча лидерликти алып алгачкы бештикте кичинекей Овечкин деген лакап ат алган.
2018-жылдын жай айларында спортчу «Нью-Йорк Рейнджерс» клубунун жайкы оюндарына катышкан. Ал жактан Авиатор клубунун машыктыруучуларынын көзүнө көрүнүп калганы айтылат.
Белгилей кетсек Нуртемир Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун баласы.