• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

80 миң доллар акчабыз тонолду деп калп айткан кытай жарандары кармалды

17 Баш оона 2023 14:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 80 миң доллар акчабызды белгисиз адамдар тоноп кетти деп милицияга жалган маалымат менен кайрылган Кытайдын 2 жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-апрелде милицияга Ч.В. аттуу Кытайдын жараны кайрылып, Фрунзе көчөсүндөгү сейил бакта белгисиз адамдар коркутуп, 80 миң доллар акчасын тоноп кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Бирок иликтөө иштеринин жүрүшүндө милицияга кайрылган жаран жалган маалымат бергени, эч кандай кылмыш болбогондугу аныкталган. Ага байланыштуу аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) алмаштырылып, шектүү катары 40 жаштагы Ч.В. (милицияга арыз жазган адам) жана анын шериги 37 жаштагы Х.Ш. аттуу Кытайдын жарандары кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 105