• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

80 миң долларга бааланган кочкор

18 Тогуздун айы 202416:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата борбор калаада дыйкан-фермерлердин жармаңкеси уюштурулду.

Жармаңкеге 2000ден ашуун фермерлер өз мал жандыктарын, азык- түлүктөрүн сатканга келишти.

Жармаңкеде арашан породасындагы кочкорлордун эң кымбаты 110 миң долларга чейин бааланды. Биздин каарманыбыз Айбек көптөн бери асыл тукум кочкор багып келет. Ал 50 миң долларга алган кочкорлорун бүгүнкү жармаңкеде 80 миң долларга баалап жатат. Анын кочкорлорунун эң кымбаты 80 миң долларды түзсө, арзан кочкору 5 миң доллар турат.

Бүгүнкү жармаңкеге фермерлер жылкы,топоз, кой, породалуу эчки, коен, бөдөнө, балыктарын көргөзмөгө алып чыгышкан.

Количество просмотров: 356