• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

800 млн. сомдон ашык каражатты «жеген» топ чиновникке иш козголду

22 Жалган куран 2018 11:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.03. 2018.  Govori.TV
Бюджеттен солго солонгон 800 млн. сомдон ашуун каражат боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат-кызматынан кабарлашты.
Көрсө, салык жана бажы кызматынын административдик башкаруу органдарын текшере келгенде, жооптуу кызматкерлер жеке коммерциялык структуралардын башчылары менен бирге коррупциялык байланыш түзүп алышканы ачыкка чыккан.
«КРнын Өкмөтү тарабынан кошумча нарк салыгы(НДС) боюнча комиссия түзүлүп, алар өкмөттүн кызыкчылыгы үчүн жеке компанияларга көзөмөл жүргүзүп, салыктын бул түрүн киргизүүнү жана алууну карап турган. Ага мүчө болуп, Каржы министринин орун басары, Салык кызматынын орун басары, Каржы министрилигин борбордук Казыналыгынын бөлүм башчысы, бажы кызматынын башкарма жетекчиси, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын опери жана 2017-жылдын февралына чейин УКМКнын төрагасынын орун басары мүчө болушкан. Натыжада, бул комиссия 2016-2018-жылдар аралыгында жасалма документтер аркылуу НДСти бюджетке түшүртпөй келишкен”,-деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында, комиссиянын айынан мамлекеттик бюджетке түшө турган 847 млн 441  миң сомдун орду жок болуп чыккан.  Бул боюнча азыр, “Коррупция”, “Кызмат абалын кыянат пайдалануу”, “Мамлекеттик документтерди, сыйлык, мөөр, бланкт жана башкаларды жасалмалоо” жана башка беренелер менен кылмыш иши козголуп, материалдар УКМКнын тергө бөлүмүнө жөнөтүлгөн.
Количество просмотров: 24