• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

9-июнда күтүлгөн аба ырайы

8 Кулжа 202417:40 Бишкек Govori.TV

9-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16… + 21, күндүз + 32… + 37,

Талас жергесинде түнкүсүн +11… + 16, күндүз + 30… + 35,

Баткен облусунда түнкүсүн +16… + 21, күндүз + 31… + 36,

Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +17… + 22, күндүз + 32… + 37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз + 22 … +27,

Нарын облусунда түнкүсүн +5… + 10, күндүз + 22 … +27.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Аба температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +34…+36 градус болот.

Количество просмотров: 310