• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

9 күндөн бери дайынсыз. Бишкекте Бурулай Сайпидин кызы изделүүдө 

23 Жалган куран 20239:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 1992-жылы туулган Бурулай Сайпидин кызы аттуу келин дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бурулай 14-март күнү эртең менен Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал төрт баланын энеси, кичүүсү 3 жашта.

Ал кара түстөгү жемпир, кара же кызыл түстөгү жоолук, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Милиция аталган жаранды көргөн же билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0557 11 94 10, 0701 28 28 19, 0702 49 88 88 жана 102.

Количество просмотров: 5985