• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

9 килограмм баңгизат менен Чүйдүн тургуну кармалды

3 Тогуздун айы 2023 14:10 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө 9 килограмм баңгизат менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ысык-Көл районунун аймагында жергиликтүү тургун мыйзамсыз баңгизат сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү Чүй облусунун 46 жаштагы тургуну, убактылуу Чолпон-Ата шаарында жашап жаткан Д.Б. болуп чыкты.

Кылмышка шектүүнүн үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүктөр табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган баңгизат таза салмагы 9 килограмм 427 граммды түзгөн марихуана болуп чыккан.

Райондук соттун чечими менен шектүү бир айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 81