5-сентябрда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Комсомол айылынын 9-классынын окуучусу Э.А. аттуу окуучу каза болуп калгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факт Сокулук РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук РИИБнин тергөө кызматына Э.А. аттуу баланын классташтары алынып келинип, социалдык кызматкерлердин катышуусунда сурак жүргүзүлгөн. Сурактын жүрүшүндө 5-сентябрь күнү Комсомол айылынын 9-классынын окуучуларын 16 жаштагы Б.С. аттуу бала чогултуп, Э.А. аттуу баланы ичке чапканы аныкталып, анын кесепетинен Э.А. өзүн жаман сезип, каза болгону белгилүү болгон.
Бул факт боюнча Сокулук РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү 16 жаштагы Б.С. аттуу бала кармалып, 96-97-берененин негизинде Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кылмышка шектүү Сокулук районунун соту тарабынан эки айга камакка алынды.