Эртең, 9-октябрда күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондорго кар түшөт. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 8…13;
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13° жылуу болот.