• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

9-сентябрда күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жайт

9 Аяк оона 2019 12:25 Бишкек Govori.TV

9-сентябрда күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: 9-10-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 12…17°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 17…22°, тоо этектеринде түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° суук…+3° жылуу болушу күтүлөт.

10-11-сентябрларда Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

11-12-сентябрларда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.


Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

9-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-сентябрда күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-сентябрда күндүз жана 9-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 11-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-11-сентябрларда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-13-сентябрларда тоолуу райондордо бир аз жаан-чачын жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

9-сентябрда күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

11-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт. 11-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-сентябрда күндүз жана 9-11-сентябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол шаарында күтүлгөн аба-ырайы


9-сентябрда күндүз, 10-сентябрда жана 11-сентябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
11-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-сентябрда күндүз жана 9-11-сентябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чолпон-Ата шаарында күтүлгөн аба-ырайы

9-сентябрда күндүз, 10-сентябрда жана 11-сентябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
11-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-сентябрда күндүз жана 9-11-сентябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Количество просмотров: 34