Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы, түрмөдө отурган Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотту.
Сот залынан бошотулган Суталинов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: «Мени көптөр кечиришти. Өзүмдүн күнөөмдү сезип жатам. Бирок, трагедияны токтотууга күчүм жетпеди. Ошону үчүн кыргыз элинен кечирим сурайм»,- деди.
Эске салсак, дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп келишет. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.