Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.
Кытайда орун алган “World’s Got Talent” сынагынын финалына Кыргыз өлкөсүнөн бийчи Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу катышышты. Бийчилер балдар үйүндөгү көрүнүштү бий аркылуу чагылдырышкан. Анда бала багып алуу үчүн келгендер жалаң ден соолугу чың балдарды тандап кетишет. Башкы ролдогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын образын Адина Самыйбек кызы ачып берди. Кыргыз бийчилери көрсөткөн кыздын тагдыры көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок.