Сот системасын реформалоо бир эле президенттин эркине байланышкан. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Мында ал сот системасынын ордунан жылбай келгендиги кийинки убактардагы резонансттуу иштер жана Манас Арабаевдин кызматтан алынышы айгинелеп турат дейт.
«Сот системасын реформалоо бир эле эркке байланышкан. Бул президенттин эрки. Эгерде президент эрки жетип, чын ыкыласы менен кааласа, сот системасын иш жүзүнө ашырат»-деди Шыкмаматов.