Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.
Эртен, 23-апрелде боло турган митингде соттон адилетүүлүктү талап кылышаарын Алмамбет Шыкмаматов «Govori.TVга» билдирди.
“Саясий куугунтукталгандарды мыйзам чегинде адилетүүлүктүн негизинде акталыш керек деп эсептейбиз. Соттон адилетүүлүктү талап кылабыз”,- дейт Ата Мекен фракциясынын лидери.
Эскерте кетсек, «Ата Мекен» партиясы Биринчи май райондук администрациясынан 23-апрелде белгиленген тынчтык митингине уруксат алышкан.