• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

А. Шыкмаматов: Уран казуу экологиялык алааматка алып келет

22 Чын куран 201912:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов уран казуу тууралуу пикирин билдирди.

“Бул уран кенин казууга 2010-жылы коомчулукка айтылбай жашыруун лицензия берилген экен. Лицензия берилгенде баардык сайттарга жарыяланыш керек эле. Бирок, коомчулуктун маалыматы болгон эмес. Азыр гана билинип жатат, эгер муну токтотпосо, уран казуу экологиялык алааматка алып келет», — деди ал.

Эске салсак, Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

Кенди чалгындап жаткан «Юразия в Кыргызстане» ишканасы — Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы. Анын 60 пайызы орусиялыктарга, 40 пайызы Кыргызстанга таандык. Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган.

Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт.

Количество просмотров: 27