Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
“Бир Бол” партиясынын депутаты А. Сулайманов Govori.TV агенттигине Ж. Атамбаевдин журналист Ыдырыс Исаковго карата жазган арызын алганына себепчи болгонун айтты.
“Кечээ күнү Ж. Атамбаевди издеп таап, коомчулук учурда Ы. Исаковду колдоп, сиздин кыймылыңызга каршы акция жүргүзүп жатышат, сиз сөз эркиндигин сот аркылуу муунтам дегениңиз туура эмес деген сөзүмдү айттым. Аны Ж. Атамбаев туура кабыл алып, арызын алууну чечти ”- деп билдирди депутат Сулайманов.