• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

А. Токторов: Мен досумду кантип кыям

2 Бугу 201915:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.05.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов, Раим Матраимов уюштурган иш-чарага катышкандардын бири. Ал журналистердин суроолоруна жооп берип жатып, «Мен досумду кантип кыям»- деп айтты.

«Искендер Матраимов менин 30 жылдан бери досум. Институтту бүткөндөн бери экөөбүз таанышпыз. Атасын жакшы тааныйм, атасы өтүп кетти, атасынын жаркын элесине арналган иш-чара болчу, ошого бардым»,- деди А.Токторов.

«Мен өзүмдүн эсебимден бардым. Бирөө мага бир тыйын берген жок. Чайына деле отурган жокмун. Мен досумду кантип кыйып коеюн»,-деп кошумчалады депутат.

Эскерте кетсек, түштүктөгү эң таасирдүү адамдардын бири Райым Матраимов, байке фонду 1 млн сомду түзгөн иш чараны өткөрдү. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, ошондой эле Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Абдывахап Нурбаев жана башкалар катышып, коомдун сынына кабылышты.

«Райым миллион» деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрага орун басары болуп иштеди. Ага чейин түштүк Бажысын башкарып, мурда Ош бажысына жетекчилик кылган.

Р. Матраимовдун бир тууганы, Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты.

Количество просмотров: 47