• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

А. Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болду

5 Баш оона 20199:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.08.2019.Govori.TV.

Айсулуу Тыныбекова Poland Open аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болду.

Белгилүү болгондой, иш-чара 2-4-август күндөрү Варшавада өттү. 62 килограмм салмак ченинде 20 спортчу ат салышты. Алардын катарында Айсулуу Тыныбекова дагы бар. Ал Швеция, Украина, Орусиядан келген балбан айымдар менен беттешип финалга чыкты. Чечүүчү беттеште Тунистен келген спортчу менен ат салышмак. Бирок, Тыныбекова жаракат алгандыктан анын машыктыруучусу финалдык беттештен четтетүү чечимин кабыл алган.

Количество просмотров: 17