• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Аалам сулуусу» сынагында АКШдан келген Р’Бонни Габриэль жеңишке жетти

15 Үчтүн айы 202313:58 Бишкек Govori.TV

2022-жылы «Аалам сулуусу» сынагында АКШнын өкүлү Р’Бонни Габриэль жеңишке жетти.

Экинчи орунду Венесуэладан келген катышуучу, үчүнчүнү Доминикан Республикасынан келген катышуучу ээледи.

Р’Бонни Нола Габриэль 1994-жылы 20-мартта төрөлгөн. Ал Miss USA 2022 наамынын ээси.

71-Аалам сулуусу сынагы 12-январдан 14-январга чейин Жаңы Орлеанда (АКШ) өттү.

Жалпысынан 86 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын атынан Алтынай Ботоярова катышты. Ал ТОП-16 талапкердин катарына кирген эмес.

Количество просмотров: 1315