• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аба каттамдарды жандандыруунун графиги иштелип чыкты

7 Баш оона 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

КР Транспорт жана жолдор министрлиги алдындагы Жарандык авиация бир мезгилде келген жүргүнчүлөрдүн көп агымында Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин жүгүн эске алуу менен Россия, Түркия, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары менен эл аралык каттамдарды жандандыруунун убактылуу графигин иштеп чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Бүгүнкү күндө биринчи этапта жумасына туруктуу 2 жолу уча турган каттамдарды ачууга макул болгон Түркия авиация бийликтеринен оң жооп алынды. Калган мамлекеттер менен чартердик каттамдарды август айынын аягына чейин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Учурдагы аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси тийиштүү мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтери менен биргеликте авиация департаменттеринин деңгээлинде иштелип жатат.

Количество просмотров: 417