• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Аба майданындагы коопсуздук

19 Аяк оона 2018 11:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстанды алганда эле акыркы 2018-жылдын ичинде эле 2 жолу аба майдарында учактар өз убагында көздөгөн жерине коно албай тоскоолдуктарга учураган. Мунун себептерин тишелелүү кызматтар ар кандай тоскоолдуктар болуп жатканын, айрым учурда аба ырайына байланыштырып келишет. Мына ушунун алкагында бугун транспорт жана жол министрлигинде тегерек стол болду.
Мисалга алсак, 2016-жылдын эле бир убакта тумандан улам «Манас» аэропортуна 6 учак коно албай калган.
Ошол күнкү Дубайдан келген учак Манас аэропортуна конмок, тилекке каршы тумандын кесепетинен кайра артка кетүүгө мажбур болгон. Кыргызстан авиакомпанияларын Европа Биримдигинин «Кара тизмесинен» чыгаруу аракетин көрүүдө.
Жарандык авиация агенттиги “кара тизмесинен” чыгуунун негизги шарттары аткарылууда деп белгилешүүдө. Мыйзамдык-укуктук база жаңыланып, авиация адистерин окуутулар болуп жатат дешет.
Ал эми учактардын бүгүнкү күндөгү абалы толук талаптарга жооп бербейт. Анын кесепетинен ар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканы баарыбызга маалым. Кыргызстанда катталган 20га жакын авиакомпаниянын алтоо жүргүнчүлөрдү ташыйт. Биринчи кезекте ошолор “кара тизмеден” чыгууга кызыкдар болушу керек дейт адистер.
Ал ортодо эксперттер өлкөдө коопсуздук талаптарына жооп бербеген авиокомпаниялардын катары өскөнүн белгилеп жатышат.
Транспорт жана жолдор минитрлигин өкүлдөрү учурда Евразиянын талаптарына жоопбергидей «Асман алдында» долбоорунун үстүнөн иштер жүрүп жатканын билдиришти. Ошондой эле ар бир компания менен тыгыз иштешип, учактардын абалын көзөмөлдөөнүү күчөтүп жаткандарын кошумчалашты.

Количество просмотров: 33