• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аба ырайы: 19-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

18 Жетинин айы 2020 15:09 Бишкек Govori.TV

19-ноябрда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -6…-11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -14…-19 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -6…-8 градус болот.

Количество просмотров: 49