• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Аба ырайы: эртең жаан, кар жаайт

27 Тогуздун айы 202420:02 Бишкек Govori.TV

28-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 5…7° жылуу болот.

Количество просмотров: 625