Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.
15-16-мюнь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.