• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Талас облусу»: “Эгер бир эле жыл шыбабай койсоң, урап калат”

21 Тогуздун айы 2021 15:52 Бишкек Govori.TV

Бакай-Ата районунун Биринчи-Май айылындагы Чолушев атындагы мектептин дубалын эки бүтүрүүчү, күрөш боюнча дүйнөлүк чемпиондор Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын сүрөттөрү кооздоп турат. Биз мектепке алар Азия чемпионатында алтын жана күмүш алып, Токиодо өтүүчү Олимпиадалык оюндарга кабыл алынгандан бир нече күн өткөндөн кийин келдик. 

Бул жөнөкөй эмес күрөшүүчү залы менен спорт залы бар саналуу мектептин бири. 2014-жылы бышкан кыштан салынган жаңы имарат башка курулуштардан кескин айырмаланат. 

Бирок анын эшигин ачып киргенде, сырткы көрүнүшүнө карап баалоо жаңылыш экенин түшүндүк: алигиче суу кире элек, жуунуучу жайы жок, терезелери кулаганы турат. Машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров ичине даараткана менен саунасын өзү салган. Ушундай абалдагы болсо да спорт зал – айыл жашоочулары үчүн жападан-жалгыз мүмкүнчүлүк. Башка бир да мекеме жок, ошондуктан балдар да, кыздар да күрөш менен машыгышат. 

1928-жылкы эски корпус – Талас облусу боюнча эң эски мектеп. Директор Мирбек Усупбеков бизге авариялык абалдагы мектептин классикалык үлгүсүн көрсөттү: көгөрүп кеткен дубалдар, контрамарка-меш, суу тамган чатыр. “Эгер бир эле жыл шыбабай койсоң, урап калат”.

Спорттук аянтчадагы таштан тизилген жазуу “Спорт – сенин ден соолугуң” дейт. Мындагылар 275 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу бүгүн-эртең башталат деп күтүшүүдө. Курулушка кетүүчү болжолдуу чыгым 100 миллион сомду түзөт, биринчи жылы анын он миңи келери айтылууда. Ага чейин эскисинде окуп жатышат. Жамгыр жааган кезде шыптан тамган сууну бөтөлкө, чакаларга тосуп алышат. Беш жыл мурун так жаан жаап жаткан кезде, ошол кездеги министр келип, ушунун баарын өз көзү менен көрүп ыйлап кеткен, көрсө, анын атасы ушул мектепте директор болуп иштеген экен. Кетип бара жатып жаңы корпусту куруу убадасын берген. Жаңы мектептин курулушу жөнүндөгү жаңылыктан кийин Мирбек аны менен байланышып, мамлекеттен тезирээк ачка бөлдүрүп берүүсүн суранат. Мирбекке “күтүп тур” деген аманатын айттырган.

Текст: Анастасия Валеева.

Фото: Адилет Каржоев.

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз

Количество просмотров: 335